Жанар Акаев референдум боюнча мыйзам долбоорун өткөрүүгө депутаттарды Оштон бери алып келип, керек болсо абактан бошотушканын айтат

Бүгүн, 11-мартта, Жогорку Кеңеште референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды.  Добуш берүүдөн кийин эл өкүлү Жанар Акаев СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине депутаттар коркутуп-үркүтүү жолу менен добуш берүүгө чогултулганын билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорго добуш берүү үчүн айрым депутаттар Оштон, чет өлкөдөн шашылыш учуп келишти.  Кечээ мыйзам долбооруна каршы сүйлөп жаткан эл өкүлүнө түнү менен чалып, басым көрсөтүшкөн. Бүгүн ал «макул» деп добуш берген. Кайсы депутат экенин Жанар Акаев айтуудан баш тартты.

Эл өкүлүнүн белгилешинче, бүгүн жаңы Башмыйзам боюнча Референдум дайындоо мыйзам долбоорун колдоп добуш бергендердин көбүнүн туугандары мамлекеттик органдарда иштешет. Аларга кызматтан алып салуу менен да коркутуулар болушу мүмкүн деп жоромолдойт, эл өкүлү.

Акаев депутаттардын жардамчыларында WhatsApp тайпалары бар экенин, аларга бардык депутаттар добуш берүүгө катышышы керек деген таризде билдирүүлөр келип турганын кошумчалады.

«Баары катышсын деп катуу эскертишти. Кээ бирин абактан чыгарып добуш бердиртишти», — дейт Жанар Акаев. 

Жанар Акаев добуш берүү кечээ болгондо мыйзам долбоор өтмөк эместигин, бирок төрага Талант Мамытов тартип бузууларга барып, добуш берүүнү жылдырып салганын айтты.

«Бүгүн эң негизгиси жеңин түрүп иштей элек президенттин мөөнөтүн узартып беришти. Ал азыркы баш мыйзам менен шайланды да, ошондо Садыр Жапаров 2037-жылга чейин президент болуп иштесин деген эле сөз болду», — деди Жанар Акаев.

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору сөзсүз өтөрүн, болбосо кесиптештеринин «мамлекеттик кызматта иштеген балдары, жакындары» жумушсуз калышарын, эмне болуп жатканын, эмне болорун баары сопсонун түшүнүп турушканын айткан эле.