Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев соцтармакта тараган сүрөттүн чоо-жайын түшүндүрдү. Анын айтымында, ал сүрөттөн улам бүгүн партиялар сүйлөшүүгө чогулушуптур деген маалымат калп.
«Бишкекте жаратман ишкерлерибиздин эмгегин көрүп, баарлашып кайткандагы бул сүрөт бир айча мурун тартылган. Бүгүн партиялар сүйлөшүүгө чогулушуптур деген маалымат туура эмес. Жалпысынан, сүйлөшүүлөр күн сайын эле жүрүп жатат, сүрөттө турган инсандардын көпчүлүгү пикирлештер, санаалаштар, биз дайыма ар кандай иш-чараларда тез-тез көрүшүп турабыз. Албетте, сүйлөшүүлөр аяктап, курам аныкталган соң, бир саясий күчкө чогулган күнү сөзсүз расмий маалымат берилет», — деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.