Жанар Акаев: «Сооронбай Жээнбеков, Жапаров криминал менен биригип Атамбаев менен Бабановдон коркуп туруп алды»

«Октябрь окуяларында криминал менен иштешип, айрым саясий ишмерлерди ошол жерден жок кылып коюу аракети болгон»,- деди Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде.

«9-октябрда курал колдонууну уюштургандар криминал менен иштешип, айрым саясий ишмерлерди ушул жерден жок кылып коюу аракеттери болду. Мисалы, ошондо Атамбаевдин унаасына карата ок чыгарды. Кийин дагы уялбай, өзүн-өзү атты деп атат. Акыл-эстүү адам ага ишенбейт да. Ошого мен таң калдым. Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров криминал менен биригишип, Атамбаев менен Бабановдон коркуп туруп алды. Жээнбеков да ким келсе келсин, бирок Атамбаев менен Бабанов келбесин деген позицияга өткөн. Эгер Атамбаев келип калса, мага күн жок деп ойлоду”,- деди Жанар Акаев.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.