Акаев Украинадагы кырдаал боюнча: «Ойгонуп эле согуш басылдыбы деп карап жатам»

Украинанын президенти Владимир Зеленский аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алганы маалым болду. Мындай чечим украиналык кризис боюнча Кыргызстандын позициясынан улам экендиги айтылды.

SUPERTV каналы буга байланыштуу «Украинада соңку бир аптадан бери болуп жаткан окуяларга карата Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керек деп эсептейсиз? Орусияны колдошу керекпи же Украинаныбы? Же эки жакты тең колдобогон, карманган позицияда болушу шартпы?» деген суроо менен депутаттардын позициясын билүүнү туура көрдүк.

Депутат Жанар Акаев Кыргыз бийлигинин позициясы кандай болушу керектигин айта албасын, жетекчилик позицияны өзү айтарын билдирди. «Бул маселеде кайсы бир өлкөгө жан тартып, эрте саясий билдирүүлөрдү таратуудан кармануу зарыл. Эң негизгиси биз тынчтык тарапта болушубуз кажет. Согушту, кан төгүүнү токтотууга чакырышыбыз керек. Күндө ойгонуп эле телефонду алып, Украинадагы абалды карайм. Балдардын жер төлөдө төрөлүп жатканын көрүп, маанайыбыз түшүп турат», — деди ал.