Жаңы Ак үйдү ата мекендик «TS Group» компаниясы курат

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун ата мекендик «TS Group» компаниясы жүргүзөт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 гектар аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө. Эгер 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.

Белгилей кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат.