Жаңы Баш мыйзамга каршы экинчи жөө жүрүш болуп өттү

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаарында жаңы Баш мыйзамга каршы экинчи жөө жүрүш болуп өттү. Анын катышуучулары Конституцияга өзгөртүү киргизилишине жана ага байланыштуу референдум өткөрүлүшүнө каршы болуп жатышат.

Уюштуруучулардын айтымында, жөө жүрүш ар аптанын жекшемби күнү өткөрүлөт.