«Жаңы бийлик келгенге чейинки бардык коррупциялык иштер көтөрүлөт»: Ташиев алдыда кайсы тармактар текшерилерин айтты

Биз, биздин жаңы бийлик президент болуп келгенге чейинки бардык коррупциялык иштер көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда УКМКнын төрагалыгына сунушталып жаткан Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коррупцияга малынган ар бир кызматкер жоопко тартылышы керек.

“Мамлекетке зыян келтирген, коррупцияга малынган ар бир инсан анын ээлеген кызматына карабастан жоопко тартылат. Мына биз муну баштадык”,- деди Ташиев.

Мындан тышкары Камчыбек Ташиев алдыда кайсы тармактарда текшерүү жүрөрүн кошумчалады.

“Сиздер энергетика, түндүк-түштүк жолу, транспорт боюнча айтып жатасыздар. Булар текшерилет, бул маселе жөн калбайт. Азыр чоң 3-4 коррупциялык иш каралып жатат”,-деди ал.

Анын айтымында, эгер коррупцияга байланышкан адамдын күнөөсү аныкталса, анын бардык мүлкү мамлекетке өткөрүлөт. Ал эми акчаны жеп койгон болсо, түрмөгө камалат.