Жаңы депутаттар ант беришип, үчөө тең «Мекенчилге» киришти

Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттары Калпаев Бактыяр Алиевичтин, Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтин жана Эргешов Бекмурза Аскарбаевичтин ант берүү аземи болуп өттү.
Бактыяр Калпаев Баткендеги №2, Илимбек Кубанычбеков Кара-Суудагы №9, Бекмурза Эргешов №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округунан шайланды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жаңы үч депутаты «Мекенчил» депутаттык тобунун курамына киришти. Аталган топту Эльмурза Сатыбалдиев жетектейт.