Элчибек Жантаев облус башчылыгынан бошотулары менен жаңы кызматка дайындалы

Ысык-Көл облусунун жетекчилигинен жаңы эле бошотулган Элчибек Жантаев Айыл, суу жана токой чарба министрлигинин алдындагы Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

2020-жылдын ноябрь айынан бери ал өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болгон. Бүгүн анын ордуна Мирбек Кожоев облус жетекчиси болуп дайындалды.