Президенттин буйругу менен шаар статусун алган Гүлчөгө мэр болуп Нурсултан Тажибаев дайындалды.
Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго Алай районунун акими Чынгыз Бапаев кол койгон.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров «Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылынын аймагын райондук маанидеги шаар категориясына өткөрүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.