«Жаңы форматка өттүк». Жаныбек Абиров эмне үчүн «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан бөлүнгөнүн айтты

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан 14 депутат чыгып, «Мекенчил» тобу түзүлгөнү маалым болду. Тизме да жарыяланды. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги фракциядан чыгып, топко мүчө болгон депутат Жаныбек Абиров менен байланышканыбызда, орчундуу себеби жок экенин жөн гана жаңы форматка өтүүнү каалагандарын билдирди. «Ооба, биз бөлүнүп, топ түздүк. Фракция жетекчиси алмашты, жаңысы шайланды. Анан биз жаңы форматка өтөлү дедик. Болгону ошол», — деди ал.