Жаңы кызматка дайындалган Алтынбек Сулаймановдун депутаттык мандатын ким алат?

Кечээ, 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулаймановдун депутаттык мандаты Эмил Жамгырчиевге берилет. Бул тууралуу журналисттерге БШКдан билдиришти.

2020-жылы өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратов жана Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев өзгөчө ири өлчөмдө пара алууга шектелип, УКМК тарабынан камакка алган болчу. Сотто жабырлануучу шектүүлөргө доосу жок экенин билдирген. Кийин Жамгырчиев бул иш боюнча акталган. Жамгырчиев мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экендиги маалым.