Жаңы кызматка дайындалган Равшан Сабировдун ордуна мурдагы эл өкүлү мандат алды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Мейкинбек Абдалиевди Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.

БШКнын токтому менен Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды.

Равшан Сабиров өткөн аптада Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси болуп дайындалган болчу. Мейкинбек Абдалиев өткөн чакырылышта «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.