Жаңы Баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны 90го кыскарганы менен кандай шайланары бүдөмүк. Бул тууралуу Кыргызстан юристтери бирикмесинин өкүлү Сания Токтогазиева маалымат жыйын учурунда айтты.
“Жаңы Баш мыйзамда депутаттардын саны 90го кыскарганы менен, алар кандай шайланары бүдөмүк. Депутаттар мажоритардык шайлоо менен келеби же башка жол мененби анык эмес. Ошондой эле парламенттин бийлик бутагы катары бир гана функциясы калган. Ал мыйзам чыгаруу функциясы. Аны да парламент өзү көзөмөлгө ала албайт, мыйзамды министрлер кабинети, Жогорку Сот жана прокуратура карап чыгат экен”, — деди Токтогазиева.












