Жаңы спикер Нурланбек Шакиев тууралуу эмне белгилүү? Анын өмүр таржымалы

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Нурланбек Шакиевдин өмүр баяны.

Нурланбек Шакиев 45 жашта. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында туулган. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн. 

Эмгек жолун 1996-жылы “Обон” гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп иштөөдөн баштаган. Андан соң «Учкун» гезитинин башкы редактору, «Эркин Тоо» гезитинин биринчи орун басары, андан кийин башкы редактору болуп иштеген. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз катчысы, Курманбек Бакиев президент болуп турганда басма сөз катчысы, кийин кеңешчиси болгон.

2009-жылы ЭлТРдин башкы директорунун милдетин аткарган. 2010-жылдын декабрында Маданият жана маалымат министри болуп дайындалган. 2012-2014-жылдары Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын лидеринин кеңешчиси болгон. 2017-жылы NewTV каналын негиздеп, жетектеген, «2-канал» телеканалынын директору болгон.

2021-жылдын декабрында №17 Аксы бир мандаттуу шайлоо округунан VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү. 2022-жылдын январь айынан бери «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты, бирок партияга мүчө эмес. 2022-жылдын 29-мартында жабык өткөн жыйында Нурланбек Шакиев “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери болуп шайланган.