Жаныбек Абиров айыптоолор боюнча жооп берди (видео)

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыпталганы боюнча Инстаграм баракчасы аркылуу түз эфирде жооп берди.

«Мен ар бир факты боюнча жооп берип, түшүндүрүүгө даярмын. Бишкек шаардык кеңешинин чечими көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 23 депутат чечим кабыл алгандан соң мен кол коём. Мен Бишкек шаардык кеңешинин болгону модераторумун жана кандай гана чечим кабыл алынбасын кол коюуга милдеттүүмүн. Кабыл алынган бардык чечимдер мыйзамдуу», — деп билдирди Абиров.

Андан сырткары Жаныбек Абиров Кыргызстандан чыгып кетүү же качуу ниети жоктугун, териштирүү иштерине жооп бере ала тургандыгын айтты.

Кечээ, 28-майда Башкы прокуратура Абировго жана мэриядагы бир катар аткаминерлерге карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген берененин негизинде иш козгогон. Көзөмөл органы шаардын прогноздолгон бюджети жасалма жол менен көбөйтүлүп, айрым кызматкерлердин айлыгы жогорулатылганын билдирген. Өзгөчө жоопкерчиликтүү жана маанилүү кызматтарга теңөө жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана шаар мэринин айлыктары 120 миң жана 150 миң сомго жеткирилген. Мунун аркасынан 2019-жылдан 2021-жылдын биринчи кварталына чейин мамлекетке 214 миллион 581 миң 700 сом зыян келтирилгени айтылган.