Жаныбек Жалалов өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Жаныбек Жалалов өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда өкмөттөн билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Буга чейин ал өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп келген. Жалалов аталган кызматка 2020-жылдын октябрь айында дайындалган эле.