Жаныбек Жоробаев УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Анын ордуна ким келди?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – комитеттин Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору Жоробаев Жанибек Суюнбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Президент Садыр Жапаровдун дагы бир буйругу менен Разаев Абдыкадыр Маматюсупович КУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — комитеттин Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемелерге президент кол койду.