«Жанымда болосуң дедиңиз эле». Шайлообек Атазов Жапаров менен Ташиевге кайрылды

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов сөз сүйлөп, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

«Урматтуу президент, сиз Москвада жолукканда айттыңыз эле. «Бийликке барсам, жанымда болосуң» деп. Жаныңызда эмес, 1 жылдан бери кабыл алууңузга кире албай жүрөм. 

Мени чакырып угуңуздар. Бүгүн тегерегиңизге кимдер топтолгонун айтып берейин. Анан каалаган чечим чыгара бериңиздер. Мен бир да президенттин учурунда депутат же министр болгон жокмун. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев келди, эркин жашоо болот деп үмүт менен округдан келдим. Мейли кетире бериңиздер. Мени эл кайра алып келет. Менин тарапташтарымды камап жатышты. Мен тилимди тишиме катып келдим. Эч нерсе тапкан жок го», — деди ал.