Жанысак Сатыбалдиев Базар-Коргон районунун акими кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасына ылайык Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Сатыбалдиев Джанысак Манасбекович ээлеген кызматынан бошотулду.