Жапаров: «Ат-Башыга логистикалык борбор курулушуна азыр эл макул, инвестор каршы»

«Ат-Башыга логистикалык борбор курулушуна азыр эл макул, инвестор каршы». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «ВБ» басылмасына берген маегинде билдирди.

«Мен бийликке келген биринчи күндөн баштап эле өлкөбүздөгү чоң долбоорлорду изилдеп баштадым. Анын ичинде эл каршы чыгып Ат-Башыга салынбай калган логистикалык борбор да бар. Толук изилдеп чыксам, бул долбоор биздин мамлекет үчүн, эл үчүн 100 пайыз пайдалуу долбоор болгон экен. Ал жерде ширеңкеден баштап электромобиль чыгарган заводдорго чейин салынмак экен. 25-30 миң жумушчу оруну түзүлмөк экен. Анан Ат-Башыга барып, эл менен жолугушуп түшүндүрүп айтып берсем, эл туура түшүндү да, салгыла деди. Азыр эми инвестор жок. Бул жерге салчу акчабызды башка долбоорлорго жумшап салдык эле деп олтурушат. Эми тескерисинче болуп калды. Эл макул, инвестор каршы. Асман шаары боюнча да ушундай болуп калбаш керек. Ат-Башы логистикалык борбору талкууланып жаткан убакта мен камакта жаттым эле. Мен деле эл тарап болуп каршы пикирде болчумун. Анткени бийлик элге толук түшүндүрүү иштерин жүргүзө алган эмес. Эгер толук түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө, эл деле туура түшүнүп, логистикалык борбор салынып калмак экен», — дейт өлкө башчысы.