Жапаров азык-түлүк боюнча жолугушууларды апта сайын өткөрүүгө даярдыгын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ата мекендик кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана антикризистик чараларды иштеп чыгуу жаатындагы маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун 9 кластер боюнча, анын ичинде эт продукциясы (бодо мал жана кой-эчки, канаттуулар, балык), сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи. «Мен жума сайын азык-түлүк коопсуздугу маселелерин чечүү иретинде жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө даярмын», — деди Жапаров.

Белгиленгендей, Министрлер кабинетинин чечими менен «Агроөнөр жай комплексин насыялоо» долбоору бекитилген, ага ылайык, жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, анын ичинде каражатты ислам принциптерине ылайык сунуштоо үчүн «Айыл Банк» жана «РСК Банк» ачык акционердик коомдоруна 10 миллиард сом бөлүнгөн.