Жапаров бийликке келген соң гана бир иши боюнча акталып, экинчи иши кыскартылганы айтылууда

Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, Садыр Жапаров премьер болуп шайланган соң 2 күндөн кийин акталган. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына кылмыш иштери боюнча келип түшкөн документтерден алып жазганын билдирген.

Жапаров бийликти басып алууга аракет жасоо иши боюнча 16-октябрда акталган, ал эми парламент андан 2 күн мурда аны өкмөт башчы кылып шайлаган. Депутаттар тарабынан соттуулугу тууралуу суроо берилгенде Жапаров тазамын деп жооп берген эле. Эл өкүлдөрү талапкердин өзүнөн сурабай, Жогорку Соттон маалыматты алдырышы керек эле. Сооронбай Жээнбеков да тийиштүү буйрукка кол коюп жатып, ал дагы Жогорку Соттон маалымат алдырышы зарыл болчу. Соттолгон адамды премьер кылып шайлоо Жогорку Сот тарабынан тез арада чечим чыгарууга алып келген”, — деп жазган Нурбек Токтакунов.

Ал эми барымтага алуу боюнча экинчи иши 21-октябрда кылмыш курамы жок деген негизде кыскартылганын жактоочу Шарабидин Токтосунов “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, ишти УКМК кыскарткан. Ал токтомдун көчүрмөсү социалдык тармактарга да чыгып кетти.


Өткөн аптада айрым президенттикке талапкерлер Садыр Жапаровдун акталышынын мыйзамдуулугу күмөн жаратып жатканын айтышып, алар сотко арыз менен кайрылышканын билдиришкен болчу.