Жапаров биринчиде, Мадумаров сегизинчиде… Талапкерлердин бюллетендеги номери аныкталды

Бүгүн, 19-декабрда БШКда президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин бюллетендеги номери аныкталды. Ал адаттагыдай эле чүчү кулак кармоо менен чечилди.

1. Садыр Жапаров;
2. Канат Исаев;
3. Мыктыбек Арстанбек;
4. Клара Сооронкулова;
5. Имамидин Ташов;
6. Рашид Тагаев;
7. Абдил Сегизбаев;
8. Адахан Мадумаров;
9. Аймен Касенов;
10. Улукбек Кочкоров;
11. Жеңишбек Байгуттиев;
12. Элдар Абакиров;
13. Курсан Асанов;
13. Арстанбек Абдылдаев;
15. Равшан Жээнбеков;
16. Бактыбек Калмаматов;
17. Бабыржан Тольбаев;
18. Каныбек Иманалиев.

Жапаровдун бюллетендин сап башында жайгашуусу социалдык тармактарда талкууга жем таштады. Айрымдар буга чейинки шайлоодо “Биримдик” партиясынын 1-катарда болгонун эстеп, мындан улам чүчү кулак кармоонун жүргүзүлүшүнө шектенип жатышса, кээ бирлер “дал келүү болсо керек” дешүүдө.

Президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Ушул эле күнү мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өткөрүү да дайындалган.