Жапаров: «Бишкекке автобустарды сатып алуу маселеси бат чечилиши керек»

Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча  Акылбек Жапаров билдирди.

«Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен тийиштүү финансы каражаттары бөлүнгөн. Бирок маселени чечүүдө эч кандай жылыш жок. Шаардыктар менен борбордун меймандары дагы эле жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун тийиштүү көлөмү жетишсиздигине байланыштуу чоң көйгөйлөргө дуушар болууда. Бул маселени кыска мөөнөттө чечип, автобус өндүрүүчүлөр менен тиешелүү келишимдерди түзүү зарыл. Создуктурууга убакыт жок», — деди ал.