Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасында Садыр Жапаров брокер жана крипто шылуундардан акчаны кайтарып берүү тууралуу жарлык чыгарды деген маалымат калп экенин билдирди.
«Социалдык тармакта айрымдар президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонуу менен анын атынан брокер жана крипто көз боёмочуларга байланыштуу жарлыкка кол койгонун жазып, өздөрүнүн кызматтарын жарнамалоодо. Төмөнкү сүрөттөгү маалымат жалган экенин билдиребиз», — деп жазды ал.













