Жапаров чек ара боюнча чыккан митингчилер менен онлайн жолугушуудан баш тартты

Малекет башчы Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдында эки күндөн бери чек ара маселесин чечүү талабы менен митингге чыккан Баткен жана Ош облусунун тургундарын онлайн кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу митингдин катышуучусу Сапарали Бөрүбаев билдирди.

«Президент азыр үйдө отуруп иштөө режимине өткөндүктөн ага онлайн жолугушуу сунуштаганбыз. Бирок, ар кандай себепти айтып, андан дагы баш тартышты. Мындан улам биз президенттин администрациясына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Чек ара кызматы жана башка органдар менен жыйын өткөрүүнү сунуштасак, эртең уюштуруп берүүнү убадалашты», — дейт ал

Бирок учурда президенттин аппараты бул боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, Бишкекте эки күндөн бери Баткен жана Ош облусунун тургундары чек ара маселесин чечип берүү талабы менен өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышууда.