Жапаров: «Чек арадан өткөн жүк ташуучу унаалардын эсебинде Кыргыз жана Кытайдын маалыматынын дал келбестиги 2000ден ашык унааны түзөт»

Кечээ, 6-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Ал анда автоунаалардын жүк ташуу көлөмү боюнча кытай тараптын маалыматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматтары менен дал келбегендиги маселесине токтолду.

«Маалыматтардын дал келбестиги 2000ден ашык унааны түзөт, мунун себебин такташыбыз керек. Кытай тарап көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өткөн товарлардын көлөмү пандемияга чейинки деңгээлге жеткенин билдирди. Бизде такыр башка сандар көрсөтүлүүдө», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы. Ал үч күндүк мөөнөттө дал келбестиктин себебин аныктоо тапшырмасын берди.