Жапаров «эки достун» бийлик талашы боюнча: «Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат»

Садыр Жапаровдун «Кабар» сайтына берген кезектеги маеги жарыяланды. Анда ал Ташиев экөөнүн бийлик талашып жатат деп тарап жаткан сөздөргө карата жооп кылды.

— Негизги эле Камчыбек Ташиев экөөңүздөрдү кеп кылгандар көп болуп жатат. «Экөө бийлик талашып жатат» деген сөздөр соцтармакта көп эле жазылууда. Буга кандай комментарий бере аласыз…

— Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм.

Экинчиден, «бийлик талашып атат» деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот.

Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар «Ташиев кадр чечип атат. Ташиев президент болгусу келип атат» дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду.