Жапаров: «Эл кимди шайласа дал ошолор Жогорку Кеңешке келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү»

«Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа, дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салып жатып билдирди.

«Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар партия үчүн гана добуш берген өткөн шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы шайлоолордо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, андагы өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсыл бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт», — деди Садыр Жапаров.