Жапаров: «Жаңы шайланган депутаттарды «чимкирик» деп атай албайсыңар»

Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-сентябрда Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирдин этникалык кыргыздары үчүн жаңы шаарчанын курулушуна капсула салып жатып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берди.

«Шайлоо боюнча бардык шартты түзүп бердим. Түздөн-түз өзүңөр шайлайсыңар. Мындан кийин жаңы шайланган депутаттарды, бирин дагы «чимкирик» деп атай албайсыңар. «Чимкирик» дей турган болсоңор, анда өзүңөрдү өзүңөр «чимкирик» деген болосуңар. Ушундай шарт түзүлдү, калганы өзүңөрдөн көз каранды. Добушуңарды сатпагыла. Бир дагы мамлекеттик кызматкер шайлоого катышкан партияга, талапкерге иштебейт. Ким иштесе, дароо жумуштан алабыз», — деди өлкө башчысы.