Жапаров Кадырбеков андан 300 миң доллар пара сураганын айтып чыкты

Октябрь айындагы окуялардан кийин өкмөт башчылыкка келип, кийин президенттин милдетин кошо аткарган, учурда шайлоого аттанган Садыр Жапаров оппонентине карата жооп кайтарды.

Учурда дагы бир президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун штабында иштеп жаткан Ишенбей Кадырбеков “Жетим-Тоо кенинин лицензиясы Кытайлыктардын колунда. Президенттик башкарууга өтсөк, мурдагыдай парламенттен сурап отурбай эле кенди карматып жиберишет” деп телеканалдардын бирине маек берген.

Жапаровдун айтымында, Жетим-Тоонун лицензиясы эч кандай Кытайда эмес, Кыргыз мамлекетинин колунда турат. Ишенбай Кадырбеков, сага окшош саткын, паракор эмесмин. 2007-жылы сен Госстройду жетектеп турганыңда азыркы менин республикалык штабым жайгашкан имаратты куруп жатканда ар кайсы шылтоо менен токтотуп, 300 миң доллар пара сураганың эсиңдеби? Мен сага пара бербей, сот аркылуу чечип алганымды унутуп койдуңбу? Ушундай бузукуларга жооп бербейин эле дейм. Бирок азыр ушундай кырдаал болуп турат”, — дейт Садыр Жапаров.