Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинде даярдык иштерин баштоону тапшырды

Кечээ, 19-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана ГЭС-2 каскадына барды. Ал станциялардагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн Акылбек Жапаров жер үстүндөгү агып өтүүчү жайдын курулушун баштоону тапшырды. Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСинде даярдык иштерин баштоону тапшырды. Тактап айтканда, электр станциясына баруучу жолду жана Нарын дарыясына көпүрө куруу тапшырылды. Акылбек Жапаров Камбар-Ата-2 ГЭС аймагындагы №2 транспорттук тоннелдин курулушун аяктоо, электр линияларын тартуу жана куруучулар үчүн турак жай шаарчасын куруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.