Жапаров Казакстандын президенти Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу баарлашты. Сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен ишке ашканын бүгүн, 1-февралда президенттик аппараттан билдиришти.

Сүйлөшүүдө Казакстандын президенти инаугурация ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, Садыр Жапаровду Кыргыз өлкөсүнүн президенти болуп шайланышы менен дагы бир жолу куттуктаган.

Ошондой эле эки тарап Кыргыз-Казак достугунун, жакшы коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн бузулбастыгын ырастап, маектештер эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча жигердүү биргелешкен иш-аракеттерге баруу керектигин сүйлөшүштү.

Маалыматка ылайык, азырынча президент Садыр Жапаров иш сапары менен качан коңшу өлкөгө барары белгисиз.

«Сүйлөшүүдө алдыда боло турчу жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын графиги, анын ичинде кыргыз лидеринин Казакстанга сапарына даярдыктар каралды», — деп жазылган маалыматта.

Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров биринчи расмий иш сапарын Орусияга жасоону пландап жатканы айтылган эле.