Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү иш сапары  менен Казакстанга барат. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигине президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Ошондой эле буга чейин Жапаровду Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Кытайдын жана Кувейттин президенттери жана келип кетүүгө чакырышкан.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 24-25-февраль күндөрү Россияга алгачкы чет элдик иш сапары менен барып келди.