Жапаров Путинди Кыргыз өлкөсүнө чакырды

Бүгүн, 24-февралда мамлекет башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Анда биринчи сөздү Путин баштап, дагы бир жолу Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктап, анын бул иш сапары эки өлкөнүн ортосундагы ынтамакты бекемдеп, кызматташууларды чыңдайт деп айтты. Аны менен катар Путин өткөн жылы пандемияга байланыштуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы көптөгөн иш чаралар, кызматташуулар токтоп калганын, бирок быйыл кайрадан санитардык эрежелерди эске алуу менен ал иштердин баарын кайрадан ишке ашыруу керектигин баса белгиледи.

Ал эми Садыр Жапаров Владимир Путиндин куттуктоосуна жана анын бул иш сапарды уюштуруп бергендигине ыраазычылыгын айтып, эки өлкөнүн тыгыз кызматташуусу Кыргызстан үчүн маанилүү экенин билдирди. Ошондой эле Жапаров пандемия учурунда Кыргызстан оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан мезгилде Орусия тараптын жардамы, колдоосу көп болгонун айтып, ага да ыраазычылыгын билдирди. Сөзүнүн аягында Жапаров Путинди ага ылайыктуу күнү Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. «Учурдан пайдаланып сизди Кыргызстанга чакырам. Сизге ылайыктуу болгон күнү биздин өлкөгө расмий сапарыңыз менен келип кетиңиз», — деди Жапаров.

Андан кийин мындай чакырууга Владимир Путин ыраазычылык билдирди.