Жапаров кудаларын кызматка кандай максатта алып келгенин айтты

Октябрь айындагы окуялардын кийин өкмөт башчылыкка келип, кийин президенттин милдетин кошо аткарган, учурда шайлоого аттанган Садыр Жапаров кудаларына байланыштуу жооп берди. Тагыраагы чындап эле аларды мамлекеттик кызматка койгонун моюнуна алды.

“Өлкөдөгү туруктуулукту сактоого аракет кылып, мен күнү-түнү дебей кадрларды дароо алмаштырдым. Кызмат адамдары банктардан акчаларды алып, чыгарып кетпесин, качып кетпесин деп эки кудам кызматка туруп калышты”, — деди Жапаров.

Буга чейин «Унаа» мамлекеттик ишканасына башчы болуп Турусбек Түмөнбаев, Миграция иштери боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп Таштанбек Каймазаров дайындалган. Аты аталган экөөнүн тең Садыр Жапаровдун кудасы экендиги талкууга алынган эле.