Президенттикке талапкер Садыр Жапаров атаандашы Абдил Сегизбаевге дебаттан тышкары жерден жооп кайтарды. Буга чейин Сегизбаев телетаймашта Жапаровго бир топ суроо узаткан эле. Бул тууралуу Жапаров Кара-Сууда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда мындай деди: “Сегизбаев мага карата «анын кылмыштары бар» деп Жаныш Бакиев менен түшкөн сүрөттөрүмдү көрсөтүп жатпайбы. 2008-жыл же 2009-жыл беле, той болгон. Анда мен комиссар элем, жетекчилердин баары чакырылган. Кылмыштарга келсек, 2017-жылы мен камалганда айтса болмок, бар болсо, ошондо чыгарбайт беле?”.
Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды
Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...












