Жапаров «кылмыштары бар» деген Сегизбаевге жооп кайтарды

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров атаандашы Абдил Сегизбаевге дебаттан тышкары жерден жооп кайтарды. Буга чейин Сегизбаев телетаймашта Жапаровго бир топ суроо узаткан эле. Бул тууралуу Жапаров Кара-Сууда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда мындай деди: Сегизбаев мага карата «анын кылмыштары бар» деп Жаныш Бакиев менен түшкөн сүрөттөрүмдү көрсөтүп жатпайбы. 2008-жыл же 2009-жыл беле, той болгон. Анда мен комиссар элем, жетекчилердин баары чакырылган. Кылмыштарга келсек, 2017-жылы мен камалганда айтса болмок, бар болсо, ошондо чыгарбайт беле?”.