Жапаров: «Кыргыз мамлекети Саудиянын ири компанияларын адал индустриясындагы долбоорлорго тартууга кызыкдар»

Кечээ, 28-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королчулугунун инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр жетектеген делегацияны кабыл алды.

«Кыргыз Республикасы Саудиянын ири компанияларын соода, инвестиция, айыл чарба, энергетика, илим жана билим берүү, туризм жана маданият, ошондой эле адал индустриясы тармагындагы долбоорлорго тартууга кызыкдар», — деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Ал ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда бизнес өнөктөштүктү түзүү зарылдыгын белгилеп, саудиялык компаниялардын тажрыйбасын жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасындагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде Сауд Аравия Королчулугунун инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр делегация мүчөлөрүн — айыл чарба, фармацевтика, энергетика, туризм жана башка тармактардагы алдыңкы компаниялардын жетекчилерин тааныштырды. Сауд Аравия Королчулугунун инвестиция министринин орун басары өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө толук кызыкдар экендигин билдирди. Тараптар көп тараптуу өз ара раракеттенүү алкагында кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашты.

«Сөздөн ишке өтчү мезгил келди, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө кескин секирик жасообуз керек. Кыргыз тарап бардык багыттар боюнча ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө даяр», — деп жыйынтыктады Министрлер кабинетинин башчысы.