Жапаров кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыкты

Президент Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

«Мамлекет башчысы өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турат. Министрлер кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болот», — деп жазылат маалыматта.