Жапаров Кытайга чакыруу алды

Президент Садыр Жапаров Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылардын сүйлөшүүсүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде соода-экономикалык жактан өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдар, аны менен катар коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар талкууланган.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Си Цзиньпинди алардын ай календары боюнча өтүп кеткен Жаз майрамы менен куттуктап, Кытай тараптын ар тараптуу колдоосу үчүн, анын ичинде Кытай Өкмөтүнүн Кыргызстан элине коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү боюнча чечимине ыраазычылыгын билдирген.

Ошондой эле Кытай башчысы Си Цзиньпин Жапаровду президенттик кызматына расмий киришүүсү менен дагы бир жолу куттуктап аны Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.