Жапаров мектеп куруп берүүнү суранган Балбайлык Бекболот менен сүйлөштү

Кечээ, 16-февраль күнү президент Садыр Жапаров видеобайланыш аркылуу Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев менен сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президент окуучу менен жүзмө жүз көрүшө албагандыктан белек-бечкек берип жиберген.

«Президент Балбайлык окуучу бала Бекболот менен видеобайланыш аркылуу сүйлөштү. Экөө таанышып, баарлашты. Өлкө башчы обочолонгон режимде болгондуктан Бекболот менен жолуга алган жок. Москвадан келгенден кийин сөзсүз жолугат”,-деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусундагы Түп районуна каршатуу Балбай айылында жашап, окуган сегиз жаштагы окуучу Бекболот Турдушев социалдык тармактар аркылуу президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасаган. Анда ал окууган мектеп көгөрүп, жарактан чыгып калганына байланыштуу алар үйдөн окуп жатканын айтып  президенттен жаңы эки кабаттуу мектеп куруп берүүнү өтүнгөн.