Жапаров менен Эрдоган Кыргызстанда жолугушуу өткөрүшү мүмкүн

Бүгүн, 1-майда түрк тараптын демилгеси менен тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Анда тышкы иштер министрликтеринин башчылары стратегиялык өнөктөштүк формасында бекемделген эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикасын канааттануу менен белгилешти. Жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасы менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Биргелешкен Стратегиялык Пландоо тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашты. Ошондой эле ушул жылы Кыргыз Республикасы менен Түркиянын өлкө башчыларынын деңгээлинде Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешти Кыргызстанда өткөрүү маселеси талкууланды.