Жапаров менен Мишустин сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Эмне жөнүндө сөз болду?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына (Орусия) болгон жумуш сапарынын алкагында КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарынын жүрүшүндө Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, өнөр жай, транспорт-логистика, ошондой эле маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-орус кызматташтыгын кеңейтүү боюнча пикир алышты. Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү пландаштырылган аймактар аралык кызматташтыктын алдыдагы иш-чараларына, ошондой эле өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү пландаштырылган аймактар аралык кызматташтыктын алдыдагы иш-чараларына, ошондой эле өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеген Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын аймагында 9 жалпы орто мектебин куруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу Жогорку Кеңештин үч окуусунан өткөнүн жана президенттин кол коюусуна даярдалып жатканы тууралуу билдирди. Бул багытта Орусия тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында 9 жалпы орто билим берүү мектептин курулушун баштоо зарылдыгы ырасталды.

“Биздин өкмөттөрдүн милдети – 7-9-майда Кыргыз Республикасынын президентинин Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында биздин лидерлер ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну камсыз кылуу. Январь-апрель айларында өз ара сооданын көлөмү 16 пайызга өсүп, дээрлик 85 миллиард рублду же 92 миллиард сомдон ашуун көлөмдү түздү. Биз бул деңгээлди мындан ары дагы көтөрөбүз”, — деди Михаил Мишустин.