Жапаров менен Ташиев УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин аталган облус боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты.

Садыр Жапаров 1999-2000-жылдардагы Ооганстандын Өзбек Ислам кыймылынын согушчандары Баткен облусунун аймагы аркылуу жана Тажикстан аркылуу Өзбекстанга басып кирүүгө аракет кылганын айтты. Анда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү согушкерлерге каршы туруп, баатырдык менен өз милдеттерин аткарышкан. Ушундай эле окуя 2006-жылы кайталанып, Баткен облусунун аймагына Тажикстандан Эл аралык террордук уюмдун куралдуу согушчандары кирип келишкен. Анда дагы Куралдуу күчтөрүнүн антитеррордук атайын операциясынын натыйжасында кылмыштуу топтор жок кылынган. Аталган куралдуу кагылышууда өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн ондогон аскерлери, ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин “Альфа” атайын багытынын кызматкерлери Ата Мекен чегин коргоп жатып, баатырларча курман болушкан.

“Дегеле Баткен облусу түзүлүшү УКМКнын тарыхында белгилеп кетчү өзүнчө бир доор болуп саналат. Облустагы Башкармалык Улуттук коопсуздук министринин 1999-жылдын 28-октябрындагы буйругу менен түзүлгөн. Ошол эле жылы Башкармалыктын уюштуруу-штаттык түзүмү аныкталып, ал бүгүнкү күнгө чейин жигердүү иштеп келатат. Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен облусу боюнча Башкармалыгы түзүлгөндөн берки кыйынчылыктарга карабастан, кыска аралыкта жакшы жетишкендиктерге жетишти, ийгиликтүү ишмердүүлүгүн көрсөтө алды. Бул Башкармалык чекисттердин чыныгы устаканасы, мыкты мектеби болду, көпчүлүгү жогорку кызматтарга дайындалып, кыргыз элине ак кызмат өтөп келүүдө”, — деди ал.

Мамлекет башчысы чек ара боюнча чечилбеген маселелер коңшу өлкөлөр менен жолго коюлуп келаткан дипломатиялык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө кесепетин тийгизгенин белгиледи. Натыйжада 2021-2022-жылдары 3 жолу куралдуу кагылыш болуп, ондогон жай тургундар жана жоокерлер курман болушту.

“Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен Башкармалыгы облус аймагына эл аралык деп эсептелген бандиттик уюмдар басып кирип, коомдук-саясий кырдаал татаалдашып турган аябай оор шарттарда иш алпарып келе жатышат. Ошого карабастан республиканын түштүгүндө жаңы түптөлгөн түзүм мындай кысталыш кырдаалдан кыраакылык менен чыгып келатышат. Тилекке каршы, Башкармалык бүгүнкү күнгө чейин өз кызматын эски бала бакчада аткарып келди. Эми бүгүнкү берилип жаткан заманбап имарат сиздерге белек болсун. Ошону менен бирге, сиздердин Ата Мекенге берилүү менен кызмат кылууңуздарга өбөлгө болсун!” — деди Садыр Жапаров.

Президент бүгүнкү күндө Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында мамлекетибизде чырмалышып кеткен коррупция, контрабанда жана уюшкан кылмыштуу топтор менен айыгышкан күрөш жүрүп жатканын эске салды. Анын натыйжасында Кыргызстанда, анын ичинде Баткен облусунда да байкалаарлык өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошондо бардык кыйынчылыктарга карабастан, Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен аймакта жаңы имараттар курулуп, пайдаланууга берилүүдө, анын ичинде бул жаңы башкармалыктын имараты да бар.