Жапаров Монголиянын тоо-кендеги реформасы боюнча жолугушуу өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Монголиянын өкүлдөрү менен тоо-геология тармагындагы реформалардын тажрыйбасын изилдөө боюнча жолугушуу өткөрдү. Анда тараптар тоо-кен тармагын өнүктүрүү, пайдалуу кендерди инвентаризациялоодо эл аралык тутумду пайдалануу, тоо-кен тармагындагы мыйзамды тартипке келтирүү, ошондой эле геологиялык-иликтөө иштерин жүргүзүүдө отчеттуулуктун эл аралык стандарттары талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, тоо-кен тармагы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарынын бири болуп саналат жана ага акыркы мезгилде мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда. Мындан тышкары, учурда жаңы Тоо кодексин иштеп чыгуу боюнча көлөмдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде Монголиянын өкүлдөрү тоо-геологиялык тармакты өнүктүрүүдөгү өз тажрыйбасы менен бөлүштү, анда пайдалуу кендердин запастары боюнча отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча комитеттин (КРИРСКО) тутумуна шайкеш келген кен казып алуунун кеңири колдонулуучу эл аралык системасына өтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.