Шейшемби, 03.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

09:53 04.06.2025
1
Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар чечимди колдосо, башкалар жаза оор болду деп эсептешүүдө. Президент Садыр Жапаров бул иш боюнча «Кабар» агенттигине пикирин билдирип, соттун чечимине кийлигишпөө керектигин белгиледи.

— Соцтармактын айрым колдонуучулары эки жыл мурун Дубайда экс-президенттерди чогултуп, өткөн-кеткенди унутуп, мындан ары ынтымакта бололу деген сиздин билдирүүңүздү эске салып, бул жагы кандай болуп калды деп суроо салышууда. Ушул боюнча сиздин комментарий… Анткени саясатта жүргөндөргө карата соттук чечим чыкса эле аны бийликке байланыштыруу буга чейин коомчулукка сиңип калган да?

— Ооба. Мен чын ниетим менен эле үч жыл мурда экстердин баарын Дубайга чогулткам. “Эгер чындап эле баарыңардын жүрөгүңөр Кыргызстан деп соксо, анда баарыңар өткөн-кеткенди унуткула, бири-бириңерди жамандап, ушакташканды токтоткула, тарапташтарыңарга да айткыла, бири-бириңер менен тирешпегиле” дегем. Азыр деле ошол позицияда, ошол ниетимде турам.

Себеби мен бийликке келип, эки жылга чукул иштегенде көптөгөн дүйнөлүк ири инвесторлорду Кыргызстанга чакырдым, кабыл алдым. Баарынан бирдей эле жоопту угуп жаттым. “Силер, кыргыздар тынчыбаган эл экенсиңер. Үчүнчү президентиңерди кубаладыңар. Ынтымак, стабилдүүлүк жок силерде. Акча болсо тынчтыкты, стабилдүүлүктү сүйөт” деген жоопторду угуп жаттым.

Албетте, ири инвестиция салыш үчүн көптөгөн мыйзамдарыбызда кемчиликтер бар экенин дагы айтышты. Ал кемчиликтерди оңдоп, тез арада жойдук. Андан кийин экстердин баарын чогултуш керек болду. Чогулттук. Ынтымакташтырдык. Байкадыңарбы, ошондон бери бирөөсү дагы бири-бири менен акыйнек айтышкан жок.

Болбосо Акаев-Бакиев менен, Атамбаев-Жээнбеков менен, айтор тарапташтары жаат-жаат болуп бөлүнүп алышып акыйнек айтышып жатышчу эле. Андан бери абал тынчып, стабилдүүлүк орноду. Стабилдүүлүктү байкагандан кийин ири инвесторлор келе башташты.

Алардын артынан орточолору, кичинелери келип олтуруп азыр Борбор Азияда эң көп инвестиция келген өлкө биздин өлкө болуп жатат. “Ынтымак бар жерде — ырыс бар” дейт. Элибиз дайыма ынтымакта болуш керек. Ошондо өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болот.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Эдил Байсалов: «Кымбатчылык маселесин президент жеке өзү көңүл чордонунда кармайт»

Эдил Байсалов: «Кымбатчылык маселесин президент жеке өзү көңүл чордонунда кармайт»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:27 27.02.2026
0

"Азыркы учурда «бюджетибиз 3,5 эсеге көбөйүп, экономикабыз 10-11% өсүү темпи менен өнүгүүдө» деген сыяктуу жаңылыктар жарыяланган сайын, калкыбыз тарабынан «кымбатчылык»...

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 27.02.2026
0

Бүгүн, 27-февралда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Иш-чарага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин...

Жогорку Кеңештин депутаттык топторунун аты өзгөртүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттык топторунун аты өзгөртүлдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:57 26.02.2026
0

Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун аты «Ынтымак - Мекенчил» деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу чечим аталган депутаттык топтун жыйынында кабыл алынды....

Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды

Медербек Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:53 26.02.2026
0

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 26-февралдагы жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарын шайлоо маселесин карашты. «Эл үмүтү -...

Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басарлыгынан кетти

Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басарлыгынан кетти

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:41 26.02.2026
0

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Чыңгыз Ажибаев өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырганы тууралуу...

Комментарийлер 1

  1. САДЫР БАЛАМ,баарын туура кылып жатасын,ЫНТЫМАК болсо баары жакшы .болоорун кооуп билип калдык.н says:
    7 месяцев ago

    Сады

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

16:39 02.03.2026
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026
Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү Акжол Махмудовдун фото-видеолорун жарыялады

1
Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

14:51 03.03.2026
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

11:17 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү