Жапаров: «Пара талап кылган болсо, бир тууганым болсо да дароо камакка алгыла»

Президенттик шайлоодон утуп чыккан Садыр Жапаров бүгүн, 13-январда социалдык тармактагы баракчаларында билдирүү жарыялады. Садыр Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат. Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!” – деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Жапаровдун тарапташымын деп жүргөн Мелис Аспеков опузалап ири суммадагы акча талап кылууга шектелип кармалган.