Жапаров: «Президенттерди тегерегиндегилер бузат деген чын экен»

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин кайым айтышуусу уланып жатат. Кезектеги билдирүү социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп туруп, мени “Маевскийден 1 миллион доллар алган” деп калп айтты. Бул сөзү менен сотторго түздөн-түз көргөзмө берди” дейт. Баарына белгилүү болгондой, учурда мен президенттин милдетин аткаруучу эмесмин. Жөн гана катардагы жаранмын.

Макул, мени “калп айтты” десин. 2011-жылы эле Маевскийдин кишиси Модин досу экөө депутат Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевге келип “Текебаевден 1 миллион долларыбызды алып бергилечи” деп жардам сурап жүргөнүн кайда катабыз? Же Дүйшөн Чотонов 2010-жылы эле Өмүрбек Абдрахмановго  «Маевскийден бир миллион доллар алдык, ошону шайлоого колдонуп жатабыз» деп ачыгын айтып алганын кайда катабыз?

Ал убакта ачыкка чыкпаган себеби – Текебаев менен Атамбаев жакшы мамиледе болушкан. Бирок көп өтпөй эле Кудай элдин ырыскысына кол салгандардын бетин ачып койду го. «Мегакомду» ошол кезде саттырбай мен сактап калгам.

Албетте, бул кайым айтышуулар Текебаев экөөбүздүн деңгээлибиздеги маселе эмес эле. Бирок азыр жооп берүүгө туура келип жатат. 

Президенттерди тегерегиндегилер, айлана-чөйрөсүндөгүлөр бузат деген чын экен» деп жазган Садыр Жапаров.